Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ЭлдикNews - Новости глазами граждан
Телефондун жарыгында жүрөккө операция жасоо эрдикпи же кылмышпы?
Ушул жылдын 11-октябрында жүрөк хирургу Калдарбек Абдраманов интернет баракчасына электр энергиясы өчүп калган учурда уюлдук телефондун, кол чырактардын жарыгы менен бейтаптын жүрөгүнө операция жасаган видео тасмасын жүктөп, жасаган операциясы боюнча эрдик же кылмыш экендигин учурда түшүнбөй турганын кошумчалады.
Бул боюнча түрдүү пикирлер айтылып, кээ бири алкыш айтып, хирургдун жумушун эрдик деп бааласа, бейтап каза болуп калса эмне болот эле, коопсуздук чараларын учурунда эмнеге көрбөйт, хирургду жоопко тартыш керек деп чыккандар да болду. Буга кошумча республикабыздагы бир нече хирургдар ойлорун билдирип жарык жок учурда операция болушу мүмкүн эместигин, хирург өзүн жарнамалап жатышы мүмкүн деген да пикирлерин айтышты.
Кандай болгон күндө да болоору болуп, боёсу кангандан кийин түрлүү пикирлердин айтылышы бекер. Экстремалдуу учурда чечкиндүү чечим кабыл алып, операцияны улантып кетүү менен, аны ийгиликтүү аяктоо ар бир эле адамдын колунан келээри оңой иш эмес. “Юридикалык жоопкерчиликтен да, оорулуунун өмүрүн сактап калуу эң башкы милдетим” деген кардиолог врачтын айткан сөзү бул опурталдуу операциядан кантип чыкканын жана ошол учурда жүрөгүнөн эмнелерди өткөргөнүн түшүнүүгө болот. Негизгиси эң кымбат адам өмүрү сакталып калды, демек кыйын учурдан жол таап чыгып кеткен кыргыз врачынын ишин эрдик деп атоого татыйт.