Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Темир Сариев Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолукту
17 09 2014 10:21
Экономика министри Темир Сариев 16-сентябрда Кыргызстан менен аталган банктын кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Министр аталган уюмдун Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө ролу чоң экенин, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан ары да тыгыз кызматташуу зарыл экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн келечеги тууралуу да пикир алышты.