0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Террористтер менен улуу муун да кашык каныбыз калгыча күрөшөбүз!

    Террористтер менен улуу муун да кашык каныбыз калгыча күрөшөбүз!
    26 10 2015 10:47

    Cерепчи Табылды Акеров жана эксперт Шер Кайып менен тегерек столдо маек


    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Мырзалар, шайлоо бүттү бул шайлоо башка шайлоолорго караганда эмнеси менен айырмаланды? Азыркы жеңишке жетишкен партиялар өз ордун татыктуу ээлей алыштыбы? Же мурдагыдай эле «баткак» шайлоо болду деп ойлойсуздарбы?

    Табылды АКЕРОВ:
    Шайлоо мурунку шайлоолорго караганда тынч өттү, бирок мыйзам бузуулар болбой койгон жок. Кээ бир партиялардын добуштары уятсыздык менен «уурдалып» алынды. Кээ бир ишенимдүү партиялар парламенттен тышта калышты.

    Кайып ШЕР:
    Мыйзам бузуулар абдан көп болгонун электорат тастыктап жатпайбы. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы бекер жерден кан-какшап шайлоону кайра эсептейли деп жаткан жери жок. Эгер добуштар кайра эсептелсе, кудай ургандай азыркыга караганда чоң айырма болушу күтүлөт. БШКнын катачылыгы абдан эле билинип турат. Биз бул шайлоо деле татыксыз шайлоо болду деп эсептейбиз.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Күрөш өтө курч жагдайда өттү. Айлана –тегерегибизди карайлычы. Талибандар мурунку СССРдин чек арасына 60 чакырым жердеги Кундуз шаарын басып алышты. ИМИЛ болсо Борбордук Азияга тишин кайрап турат. Сиздер азыркы бийликке каршы күрөш жүргүзүп келдиңиздер. Эми шайлоо аяктады патриот, эски солдат катары кандай позицияда турасыздар?

    Кайып ШЕР:
    Мен Украинада болуп келдим, согуштун жүзү курусун! Террористтер менен улуу муун да кашык каныбыз калгыча күрөшөбүз! Анткени, биз Советтик Армияны көрүп тартип менен жашап калганбыз. Ошондуктан жаштарды биримдикке, ынтымакка чакырат элем.
    Азыркы террористтердин курмандыгы болгондон кудай сактасын.

    Табылды АКЕРОВ:
    ИМИЛ, талибан жана башка террористтерге каршы дүйнө эли кайрадан бир муштум болуп чыгышы абзел. Азыр АКШ өз алдынча, ЖККУ өз алдынча позицияда туруп сокку уруп жатышат. Террористтер тирүүлөй өрттөп, көөмп, мууздап келатышат. Эми Вашингтон аларга каршы сокку урган Россияга каарданып турушат.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Казак президенти Нурсултан Назарбаевди АКШ президенти Барак Обама кабыл алды. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ал жакка бара алган жок. БУУда казакча сүйлөгөн Назарбаев келер менен Украина президенти Петро Порошенкону кабыл алса, Атамбаев Сочига барып Владимир Путин менен жолугуп келди. Булардын бары саясий оюн эмеспи?

    Табылды АКЕРОВ:
    Азыркы дүйнөдөгү кардиналдуу өзгөрүүлөр дипломатиялык жолугушууларга алып барып жатат. Барак Обама Назарбаев сыяктуу бир мамлекеттин президенти, ал БУУнун президенти эмес. Каалагандар менен жолукса болот. Ал эми Атамбаев да бир мамлекеттин президенти катары кимдер менен пикирлешүүнү өзү чечет.

    Кайып ШЕР:
    Мен кошумчалай кетейин, шайлоого чейин Атамбаевдин, Сариевдин бийлигин катуу сынга алып келдик. Бирок, бизде оор кырдаал түзүлүп жатат. Ошол үчүн анча-мынча таарынычтарды капчыкка салып элибиздин келечеги үчүн жалпы ынтымакка келели. Ынтымактын башаты бүгүнкү түзүлө турган өкмөт болушун калаар элем.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Парламентте оозуп 6 партия ЖКга келишти. Эми өкмөттү чечүү маселеси козголору белгилүү. Бул өкмөттү ким жетектейт? Кайсы партиялар коалицияга биригишет? Кимдер оппозициялык блокту жетектейт?

    Табылды АКЕРОВ:
    Темир Сариев премьер-министр кызматына калышына толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал өкмөттүн жаңы түзүлүшү менен келет. Жаңы министрликте орундар абдан кыскартылат. Кээ бир министрликтер биригет: Саламаттык сактоо, Социалдык өнүктүрүү жана Эмгек министрлиги биригет, Энергетика министрлиги Өнөр жай министрлигине айланат. Айыл чарба министрлиги корпорация болушу ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статусун кыскартып Кызматка айлантышы мүмкүн.

    Кайып ШЕР:
    Муну президент Атамбаев толук ойлонуп жасашы керек. Мисалы Темир Аргенбаевич сунуштаган бул өзгөрүүлөргө толугу менен кошулам. Бирок ӨКМ министри Кубатбек Боронов менен бирге татыктуу кызмат өтөп жатат. Эмне үчүн биз иштеп жаткан адамдардын бутун тосушубуз керек? Транспорт министри Аргынбек Малабаев, Боронов сыяктуулар өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп жатышпайбы. Буларга татыктуу «Кыргыз эл Баатырын» бергендин ордуна, биз кичирейтип же жоготуп жатабыз?

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Темир Сариев түзгөн сунуштар шайлоо алдындагы партиялардын айткан программалары менен дал келишеби? Ал жерде сиздер кубаттаган Кубатбек Боронов жетектеген ӨКМ саясатка аралашпай, эң оор кырдаалдарда иштеп келди деп жатышат. Балким бул министрлик кызматка айланбастыр?

    Табылды АКЕРОВ:
    Азыр ким иштеп жатат алаканга салгандай белгилүү болуп турат. ӨКМ негизинен Түштүккө карай багыт алган, өздөрүнүн жайгашкан жери да ошол тарапта. Түштүктүн климаттык шарттары да катаал, менимче муну президент да түшүнүп туура жыйынтык чыгарары бышык.

    Кайып ШЕР:
    Кубатбек Бороновдун Түштүк элинде абройу өтө чоң. Мисалы, келемиштей болуп Ак үйдө жашынып алып өз кишилерин түрткөн кээ бирөөлөр Бороновго тоскоолдук кылышы да толук мүмкүн. Бирок алардын сөзүн укпай бул министрлик өз ордунда Кубат Айылчиевичтин жетекчилигинде каларына толук ишеним бар.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Депутаттар келе элек жатып Иш башкармалыгы тарабынан 310 долларлык отургучтар коюла тургандыгы тууралуу сөз чыгып жатат. Деги эле Ак үйдүн аппаратына, Иш башкармалыгына кандай баа берет элеңиздер?

    Табылды АКЕРОВ:
    Азыр жеңилүү ызасын тартып турган партиялар үчүн, деги эле шайлоого катышпагандар үчүн шылтоо керек. Ошондуктан, бул депутаттык отургучтар «Шылтоого шынаа» болуп турат.

    Кайып ШЕР:
    Ким болсо да депутаттар Ак үйгө келишмек. Ак үйдү эксплуатациялоо жана коммуникациялоо бөлүмүнүн башчысы Мусабеков Базарбай Абдыкеримовичке түшүнгөндөр ыраазы. Себеби, Ак үйдү жылтыратып, ичи тышынан бери жуудуруп чыкты. Азыр Ак үй накта Ак үйгө айланган. Ошондой эле Ак үйдө люстрация, коррупцияга каршы элдик кыймылдарды дүкүлдөтө иштетип Усеналиев Эмилбек Аскеевич, Усубалиева Лира Кайыпова сыяктуулар эмки бийликтин мыкты иштешине шарт түзүп жатат. Бул инсандарды элге кабарлап кеңири тааныштыруу биздин парз.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Жакында «Кыргызалтын» ААКсында 1 кило алтын жоголду деген каңшаар угулду. Бул алтындын жоголушуна «Кыргызалтындын» жаңы жетекчиси Алмаз Алимбековдун тиешеси барбы? Деги эле «Кыргызалтын» кандай иштеп жатат?

    Кайып ШЕР:
    Бул баягы эле мурунку жетекчилердин илинчеги. Себеби, алар «Макмалалтында» 1 эмес 34 кило алтынды жок кылышкан, «Кумтөр» менен туура эмес келишимдерди түзүшкөн. Бул өзүнчө маселе. Мен жаш болсо да ишин жөндөп бараткан Алимбеков Алмаз Мусаевичтин ишине жакшы баа берем.

    Табылды АКЕРОВ:
    Мен Кайып Шерге толугу менен кошулам. «Кумтөр», «Кыргызалтын» булар өзгөчө сөз кыла турган өзүнчө маселе.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:
    Болуптур, мен да сиздерге кошулуп сөзүмдү кыскартайын. Сиздердин тегерек столга келип маек куруп бергениңиздерге чоң рахмат! Буюрса убак-убагы менен келип өз ой-пикириңиздерди кошуп кетет деп терең ишенем.

    Elitakg

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *