Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өткөн жылы 1612 ветеринардык объекттер мыйзам бузган
16 02 2015 11:59
2014-жылы 1612 ветеринардык объекттер мыйзам бузуп, аларга 340, 4 миң сомду түзгөн айып салынган. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мыйзам бузгандарга инспекторлор тарабынан 924 көрсөтмө жазылып, 4 материал укук коргоо органдарына берилип, 45 объект жабылган.
Республика боюнча өткөн жылы 54643 ветеринардык объекттер катталып, 3768 ишкерлердин субъекттери текшерилген.