Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Толуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт
26 01 2015 10:44
26-27-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.