Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
"Тоолуу Кыргызстандын тулпарлары" аттуу китептин бет ачары болду
18 09 2014 17:34
Бишкекте “Тоолуу Кыргызстандын күлүктөрү” аттуу кыргыз ат салттары жөнүндө китептин бет ачары болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Китептин авторлорунун бири - ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев. Анын айтымында, китепти чыгаруу идеясы Кыргызстандын аттары жөнүндө француз автору Жаклин Рипардын эмгеги түрткү болгондугун белгиледи. “Кыргыздардын элдик салттары ар намыстын, жеңиштин жана ийгиликтин символу болгон ат менен тыгыз байланыштуу. Кыргыздар бул жаныбарга өзгөчө маани берип келишет, ал кыргыздарды жашоодо, жолдо, согушта коштоп келген”,-дейт ал.
Маалыматка ылайык, китептин авторлоштору - Айнура Эргешова жана Темиркан Дүйшөкеев. Китеп 1000 нуска менен чыгарылган.