Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Транспорт жана коммуникациялар министри президентке жүргүзүп жаткан иштери туурасында маалымат берди
Бүгүн, 13-майда президент Алмазбек Атамбаевге транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев министрликтин учурдагы ишмердиги, ошондой эле автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Министр Аргынбек Малабаев республиканын түштүк аймагына жасаган иш сапарынын жыйынтыктары туурасында айтып берди. Тактап айтканда министр «Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад» альтернативалык жолдун курулушунда жана Ош, Баткен облустарындагы стратегиялык автожолдордо жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерип келген.
Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрлигине пландаштырылган бардык жумуштардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу милдетин тапшырып, региондордун жана жалпы эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн инфраструктуралык долбоорлордун өзгөчө маанисин баса белгиледи.