Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү каржы эрежелеринин долбоору иштелип чыкты
Бүгүн ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында курамына Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан кирген Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү каржы эрежелеринин долбоору иштелип чыкты.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Түрк маданияты жана мурасы фондун түзгөн жалпы каражаттын 0,5 пайызын түзүп, бул фондду түзүүгө катышкан өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү үлүш болуп саналат. Ал жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен бекитилип турат. Бирок фонддун 2015-жылга карата жалпы каражатынын көлөмү азырынча тактала электиктен комитет кийинки отурумдардан кароону кабыл алды.
Белгилей кетсек, 2012-жылдын 23-августундагы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жалпы түрк элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында Түрк маданияты жана мурасы фондун түзүү келишимине кол коюлган. Анын уставы 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.