Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Турдакун Усубалиевдин артында калың журту калды
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы элибиздин кадырлуу аксакалы, Советтик Кыргызстандын лидери, Эгемен Кыргызстандын Баатыры, заманыбыздын аттын кашкасындай таанымал мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Турдакун Усубалиев дээрлик чейрек кылым бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп, республикабыздын экономикалык, социалдык, руханий өнүгүшүнө өзүнүн барандуу салымын кошкон. Өткөн кылымдын 60-80-жылдарындагы, мурдагы Кыргыз ССРнын баардык жетишкендиктери анын жетекчисинин ысымы, жигер-кайраты жана уюштуруучулук таланты менен тыгыз байланыштуу.
Турдакун Усубалиев Кыргызстандын эгемендик жылдарында улуттук парламенттин депутаттыгына шайланып, үзүрлүү эмгектенет. Коомубуздун өнүгүү жолундагы прогрессивдүу демилгелерди чын дилинен колдоп жана кубаттап, ал эми кемчиликтерди тайманбастан бетке айткан калыс аксакал катары сый-урматка арзыйт.
Турдакун Усубалиев өмүрүнүн аягына дейре калемин колдон түшүрбөй, далай публицистикалык макалаларды, эскерүүлөрдү жазды. Ал окурмандардын калың катмарына тараган он чакты китептин автору да болуп саналат.
Үлгүлүү өмүр өтөгөн кадырман карыябыздын жарыкчылык менен кош айтышканы тууралуу кабар кабыргабызды кайыштырды. Кыргыздын дагы бир тоосу кулады.
Бирок, Турдакун Усубалиевдин артында калың журту, Ала-Тоо, Ысык-Көлдөй ыйык тумар сындуу мекени. Саясатта, мамлекеттик кызматтарда такшалган ини-карындаш, уул-кыздары бар. Биздин көңүл жубатарыбыз ушул инсан эле. Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн бекем тартип менен Ак эмгегибиз улуу адамдын элесин унутпай сактоого тете болуп мамлекетибиздин өркүндөшүнө өбөлгө түзмөкчү.
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Адахан Мадумаров, Аскар Салымбеков