Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Тышкы иштер министри БА боюнча ЕКнын атайын өкүлү менен жолукту
17 09 2014 14:42
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Борбордук Азия аймактары боюнча Европа кеңешинин атайын өкүлү Янош Херман менен Кыргызстан жана Европа кеңешинин ортосунда сүйлөшүүлөрдү мындан ары тереңдетүүгө макулдашышты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргенине караганда, жолугушууда Борбордук Азия боюнча ЕКнын стратегиясынын алкагында КР менен ЕКнын ортосунда аймактык жана эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды.
Мындан тышкары тараптар эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берген Кыргызстан менен ЕКнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү мындан ары тереңдетүү ишенимин билдиришти.