Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
У. Нуркулов: Айыл өкмөттөрдү окутканга караганда техника менен камсыз кылуу керек
29 04 2015 10:44
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлекеттик агенттиги эмне иш аткарып жатат?», - деп «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Уланбек Нуркулов ЖКнын жыйынында аталган агенттикке суроо берди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Санжар Икрамов айыл өкмөттөргө шарт түзүп берип жатканын айтты.
Ал эми Уланбек Нуркулов окутканга караганда техника менен камсыз кылуу туура болот экенинин белгиледи. «Андан көрө айыл өкмөттөргө үч компьютер берсеңер жакшы болмок. Силердин окутканыңар бир тыйын», -дейт У. Нуркулов.
Бүгүн, 29-апрелде, парламентте айыл өкмөттөрдү финансылар чөйрөсүндө окутуу практикасын кеңейтүү боюнча маселе каралып жатат.