Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Укук коргоочулар Ак үйдүн алдында флеш-моб өткөрүшүүдө
20 05 2015 10:45
Бүгүн, 20-майда Ак үйдүн жанында укук коргоочулар флеш-моб өтүүдө. Алар Бишкекте өгөй атасынан кордук көргөн эже-сиңдинин окуясын териштирүүнү, , эки кыздын укугун коргоодо кайдыгерлик кылган жооптуу адамдарды, милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышууда.
Ушул талаптын негизинде кечээ, 19-майдажарандык активист “Кылмышкер жазалансын” жана “Зөөкүрдү кармап, коё берген Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлерине чара көрүлсүн” деген жазууларды көтөрүп алып ИИМдин алдына акция уюштурган.
Белгилей кетсек, 14-майда социалдык коргоо кызматкерлери кыздарды өгөй атасы зордуктады деген шек менен Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган.