Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: Ө. Токтонасыров кара каптын ичине кирип, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акция өткөрдү
Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кара каптын ичине кирип, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акция өткөрдү. Анын айтымына караганда, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе экономикалык, саясий, социалдык жактан Россияга көз каранды болуп калат. “Көз карандысыздыгыбызды жоготобуз мамлкеттик тил экинчи планда калат. Ушул бизге керекпи? Эмне үчүн ушул орчундуу маселе боюнча референдум өткөн жок? Мен эркин көз карандысыз Кыргызстанда жашагым келет”, - дейт Ө. Токтонасыров.
ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирүүсү боюнча, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе Казакстан, Россия мамлекеттери менен мамилесин жакшыртууга пайда көп болот. “Бул маселе бир адамдын пикири менен чечилбейт”, - дейт Ч. Турсунбеков.
Ошондой эле Ч. Турсунбеков эч бир өлкө Бажы биримдигине кирерде референдум өткөргөн эмес деп белгиледи.