Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Ө. Токтонасыров ЖКнын алдында «Позор» деген жазууну көтөрүп турду
Укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров колуна «Позор» деген жазууну көтөрүп ЖКнын алдында турду.
Ал V-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын парламенттик шайлоодон өтпөй турганын айтты. «Эл силерге добуш бербейт. Биз жаңы муунга, жаңы күч, жаңы партияларга добуш беребиз. Мындай парламенттин кереги жок. Ушул бойдон келбей эле койсоңор болот», - дейт Ө. Токтонасыров.
Мындан тышкары жарандык активист Жогорку соттун Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулова мөөнөтүнөн кызматтан бошотконуна нааразы экенин билдирди.
Алар бүгүн Ак үйдүн алдына Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулованы колдоп, жарандык активисттер митингге чыгышкан.
Бүгүн, парламамент Жогорку соттун Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулова мөөнөтүнөн кызматтан бошотту.
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны жыйынтыкталып, жайкы эс алууга тарашты.