Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ВИДЕО: Ө. Токтонасыров Зулпукаровдун мандатын алуу талабы менен митингге чыкты
10 04 2015 12:46
Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдына «Шок-факт», “Зулпукаров мандатыңды тапшыр” деген жазууларды көтөрүп алып митинг өткөрдү.
Жарандык активист депутаттын 18 жыл мурунку кыз зордуктоого катышы бар экендигин көз карандысыз комиссия аркылуу тыкыр иликтөөнү суранды.
Белгилей кетсек, «Искра плюс» гезитинин 8-апрелде чыккан санында ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун 1997-жылы кыз зордуктоого катыштыгы бар деп жазып чыккан. Ошону менен катар эле аталган факты боюнча документтер бар экенин айтышкан.
Ал эми Төрөбай Зулпукаров аталган маалыматты төгүндөп, гезитти сотко бере турганын билдирген.