Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: А. Салянованын кызматта калышын талап кылып, айрым жарандар нааразычылык акциясына чыгышты
21 01 2015 15:47
Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин алдында жетимишке жакын Аида Салянованын кызматта калышын талап кылып, нааразычылык акциясына чыкты.
“Аида Салянованы кызматтан кетиши коррупция менен күрөшүүдө кайрадан артка чегинүү”, - дейт акциянын уюштуруучуларынын бири, энергетика тармагындагы эксперт Расул Үмбөталиев.
Анын айтымында, Салянованын кызматтан кетиши бир саясий күчтүн кызыкчылыгы.
Мындан тышкары, Расул Үмбөталиев Аида Салянованы Курманжан Даткага теңеди.
Белгилей кетсек, Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүгө жазган арызын карап, ага 57 депутат “макул”, 18 депутат “каршы” деп добуш берген.