Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: А. Салымбеков кайрымдуулук мекеменин балдарына өзүнүн басып өткөн жолдорун айтты
Бүгүн, 20-ноябрда “Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбеков “Биринчи кадам” кайрымдуулук мекемесинде тарбияланып жаткан балдар менен жолугуп, өзүнүн басып өткөн жолдору тууралуу айтып берди.
Аталган мекеменин директору Муратбек Кудайбердиевдин TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирүүсү боюнча, Аскар Салымбеков балдардын бардык тармактагы суроолоруна жооп берди. “Бүгүнкү биздин коногубуз Аскар байке балдарга бизнесин кантип баштагандыгы тууралуу жана кеңештери менен бөлүштү. Жакшы сөздөрү менен балдарга алдыга умтулууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз”, -дейт М.Кудайбердиев.
“Биринчи кадам” кайрымдуулук мекемеси 2001-2002-жылдан тарта иштеп келет. Аталган мекемеде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар тарбияланат. Учурда 120 бала окуйт.