Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(Видео) Ачкачылык акциясына чыккандардын катарына 5 адам кошулду
21 10 2014 13:38
Бүгүн ачкачылык акциясына чыккандардын катарына 5 адам кошулду. Алардын айтымында, өкмөттөгүлөр келип алардын талаптарын уккан эмес.
Талаптары: электр энергиясына бааны көтөрбөө, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотуу жана аны калыбына келтирүү, энергетикадагы "ширшовдун коррупциялык схемаларын" жоюу, экс-министр Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартуу. Ал эми жаңы кошулган талабы Өкмөттү жоопко тартуу.
6 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жаткандар: Мелис Аспеков, Качкын Булатов жана Төрөхан Жунусбеков.
Ал эми экс-министр Осмонбек Артыкбаев TOPNEWS.KG маалымат порталына азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирген.