Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму эскерүү курултайын өткөрүштү
Бүгүн, 17-мартта “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму эскерүү курултайын өткөрүштү.
Алар бийлик жетекччилерине жети талаптан турган кайрылуу жолдошту. Алар:
1.Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик бийликти коррупционерлерден жана криминалдан тазалоого жол ачкан Апрель элдик революциясынын жетишкен жеңиштерин бекемдөөнү талап кылабыз;
2. Мамлекет башкы кылмышкерлер - Бакиевдердин үй-бүлөсүн экстрадициялоого жетишүүгө тийиш;
3. Президент Алмазбек Атамбаевден судьялар корпусун чечкиндүүлүк менен жаңылоону, кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чыныгы сот реформасын өткөрүү;
4. Өкмөт Президенттин калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифти киргизүү тууралуу сунушун ишке ашырсын;;
5.Жаштарга жол берүү;
6. Кумтөр боюнча Кыргызстан үчүн пайдалуу жана мыйзамдуу чечимди таап, кабыл алуу;
7. Президенттен жана Өкмөттөн Жогорку Кеңешке калыс жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылууну талап кылабыз.
Иш-чаранын аягында жогоруда аталган талаптар боюнча резолюция кабыл алынып, Президентке жөнөтө турганы кабарланды.