Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Ак үйдүн алдына Ош базарынын тегерегиндеги соодагерлер митингге чыгышты
Ак үйдүн алдына Ош базарынын тегерегиндеги соодагерлер митингге чыгышты. Алардын айтымында, кечээ күндөн баштап аларга соода кылганга уруксат бербей коюшкан.
Митингдин катышуучуларынын бири Сапаргүл Кудайбердиеванын айтымында, алардын сатып жаткан азык-түлүктөрү базардын ичиндегилерге окшошпойт.
«Бизге дагы жашоо керек. Уруксат беришсин. Базардын ичинде байлар отурат. Адамдардын өз эрки, акчасы барлар ичинен алсын, бизде арзан. Биз бир сумка менен жашап жатабыз. Үй жок. Кантип кредиттерди төлөйбүз», - дейт С. Кудайбердиева.
Эскерте кетсек, кечээ, 29-июнда Ош базардын ичинде контейнерлерди ижарага алып иштегендер, сыртта уруксаты жок отургандарды кетирүү талабы менен митингге чыгышкан. Алар соода болбой, ижаранын акчасын төлөй албай жаткандарын айтышкан.