Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Ак үйдүн алдында 5 жаран Кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчисинин отставкасын талап кылышууда
25 06 2015 11:24
Бүгүн, 25-июнда, Ак үйдүн алдына 5 жаран нааразычылык акция уюштурду. Алардын талабы - Кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Таалай Чолпонкуловдун отставкасын талап кылышууда.
Минтингчилер колдоруна «Кесиптик билим берүү агенттиги - жемкорлуктун менчик ордосу! Т. Чолпонкулов турганда окуу жайлар оңолбойт! Уятың болсо кет!» жана «Жемкор Чолпонкулов 29-июнда кызматынан четтетилбесе ачкачылык жарыялайбыз» деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Акциянын катышуучуларынын биринин айтымында, Т. Чолпонкулов Акаев, Бакиев убагынан бери коррупцияга маалынып иштеп келет.