Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Ак үйдүн алдында Новопавловка айылынын тургундары мыйзамсыз сатылып кеткен жерлер кайтарылсын деген талап менен митинг өткөрүштү
Бүгүн, 1-июлда Ак үйдүн алдына Новопавловка айыл аймагынын онго жакын жашоочусу митингге чыкты.
Алар колдоруна «Биздин жерлерибизди мыйзамсыз сатып жаткан мошенниктер жоопко тартылсын» деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Митингдин катышуучуларынын бири Кыялкан Токтогонованын айтымында, алар 30 жылдан бери аталган айылда жашап жатат. «Бизге тиешелүү жер үлүшүбүздү толугу менен алалбай жүрсөк, айыл өкмөттө, мамлекеттик каттоодо иштегендер мыйзамсыз «Ак-Ордо-1», «Ак Ордо-2», «Ак Ордо-3» жерлердин баарысын сатып жиберишкен. 2014-жылдан бери канчалаган айдоо жерлерибиз сатылып кетти. Жер үлүшүн алалбай, жабыркагандардын саны 1000 ашык. Тактап айтканда, 1400 гектар жерибиз мыйзамсыз сатылган», - дейт К. Токтогонова.
Мындан тышкары, алар маселе чечилбесе Ак үйдүн алдына түнөп кала тургандарын айтты.