Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Ак үйдүн алдында Токтонасыров колуна «Кыргызстанды криминал башкарабы» деген жазууну көтөрүп митинг өткөрдү
Бүгүн, 11-июнда укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына Канжар Кадыралиевден жабыркаган жарандарды ээрчитип митингге чыгышты.
Алар ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиеванын чыгып, алардын талабын угушун талап кылышты.
«Эмне үчүн Канжар Кадыралиев Ошто ээн-эркин басып жүрөт? Биз кайсы, кандай мамлекетте жашап жатабыз? Кадыралиевден запкы жеген бир топ жарандар мага кайрылышкан. Ошолордун ичинен Мирлан аттуу жигит үй-бүлөсү менен бирге митингге чыктым», - дейт Ө. Токтонасыров.
Колдоруна «Ыргал Кадыралиева мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Митинг учурунда ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева алардын талабын укканга чыкты. Ал бүгүн аларды төрттө кабыл ала турганын айтты.
Бирок укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров дайыма эле Айнуру Алтыбаева ушинтип айтып, кабыл албай коё турганын билдирди.
Кененирээк видеодон көрсөңүздөр болот.