Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Активисттер Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып, митингге чыгышты
Ак үйдүн алдына өздөрүн «Таза оппозициялык кыймыл» деп атаган жарандык активисттер мамлекеттик чиновниктерди, анын ичинен Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып митингге чыгышты. Алар колдоруна Казакстан жана Россиянын президенттерине ыраазычылык билдирген жазууларды көтөрүп алышкан.
Аталган кыймылдын лидери Назарбек Нышановдун айтымында, алардын талабы - Жогорку Кеңеш ушул жуманын ичинде Кыргызстан ЕАЭБге кирүү документтер топтомун ратификациядан өткөрүү.
«Бажы биримдигине 8-майда расмий киргенибиз менен толук кандуу кире албай жатабыз. Дагы эле бажы постору ачылбай, Россиядагы мигрантарыбыздын абалдары чечилбей патент сатып алып жатышат. Ошону менен катар эле АКШдан Кыргызстанга 150 тонна жүк келгендиги тууралуу элчилик отчет бербесе алар биздин өлкөдөн чыгып кетишсин», - дейт Н. Нышанов.
Назарбек Нышанов талаптары аткарылбаса дагы элдерди көтөрүп чыга турганын билдирди. Аларга милиция кызматкерлери тоскоолдук жаратышты. Бирок алардын уруксаты бар болгондуктан акция саат он бирден бирге чейин уланды.
Эскертсек, Кыргызстан ЕАЭБге 8-майында расмий кирген.