Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Аламүдүн райондук соту Дайырбек Орунбековдун ишин кыскартууну четке какты
Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын «президенттин ар-намысына шек келтирди» деп, журналист Дайырбек Орунбековдун үстүнөн жазган арызы бүгүн Аламүдүн райондук сотунда каралды.
Дайырбек Орунбековдун жактоочусу Жыргал Бабаев Аламүдүн райондук соту башкы прокурор Индира Жолдубаеванын доо арызын мыйзамсыз кабыл алган деп эсептей турганын билдирди. «Президенттин өзүнүн сотко бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Өтүнүч менен ишти кыскарткыла деп сотко кайрылганбыз. Бирок сот биздин өтүнүчүбүздү четке какты. Эми биз Жогорку сотко даттанабыз», - дейт Ж. Бабаев.
Дайырбек Орунбековдын тарапташтары «Сөз эркиндии – эл эркиндиги» деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
Журналист 2010-жылкы июнь окуясынын келип чыгышына Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп күнөөлөгөн макаласы үчүн Башкы прокуратура сотко кайрылган.