Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: Авиация ардагерлери нааразычылык акциясына чыгышты
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте авиация ардагерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Алар өзүлөрүнүн пенсиясын көбөйтүүнү талап кылды. Ардагер, учкуч Болот Индигарановдун айтымында, алар 6-7 миң сомдун айланасындагы пенсия алышат. “Азыркы учурда мындай акча менен жашаш кыйын. Өкмөт ушул коюлган маселени чечип берүүсүн талап кылабыз”, дейт Б.Индигаранов.
Ал эми Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнест Мамырканов бул маселе боюнча атайын жумушчу топтун түзүлөөрүн айтты. “Профсоюз уюму, авиация ардагерлери менен биргеликте жумушчу топ түзүп, бир жуманын ичинде аталган маселени чечүүгө аракет кылабыз” , дейт Э.Мамырканов.
Мындан тышкары, министрдин орун басары эртең ардагерлер менен аталган министрликте жолугушуу боло турганын белгиледи.