Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ВИДЕО: Бир партияда жети теңтөрага болот
17 02 2015 14:55
Бүгүн, 17-февралда “Мекенчил” партиясы коомго жаңы долбоорлорун сунуш кылды.
Аталган партиянын лидерлеринин бири Мелис Аспековдун айтымында, партияда жети теңтөрага болот.
“Азырынча партияда эки теңтөрага бар. Чүй облусу боюнча мен өзүм. Ал эми Талас облусу боюнча Төрахан Жунусбеков. Партиянын биринчи съезди апрель айларынын башына бекитилип жатат. Ошол жерден маселелерди чечебиз. Ага чейин программа элдин элегинен өтөт. Эл тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, кемчиликтерди толуктайбыз”, - дейт М. Аспеков.
Мындан тышкары, TOPNEWS.KG маалымат порталына “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбеков, аталган партиянын негиздөөчүсү Кубанычбек Базакеев, саясат таануучу Бакыт Бакетаев өздөрүнүн ойлорун айтып берди.
Аферист Мелис эми бул жакка колун салдыбы? Эми ал жакты да кидать этип анан жок болот экен да, эмнеге башка ЖАны Муудун балдары кирбей койду? По моему алар аферист Мелисти колдошбойт окшойт