Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(Видео) Бишкекте бензиндин кымбатташына каршы нааразылык акциясы өттү (фоторепортаж)
14 10 2014 12:15
Бүгүн Бишкекте “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү "Мен бензиндин кымбатташына каршымын!" деген ураан менен нааразылык акциясына чыгышты.
Активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, дүйнөдө бензиндин баасы кескин түрдө түшүп жатса, Кыргызстанда, тескерисинче кымбаттап жатат. “Бул маселени чечүүнү Президенттен, Өкмөттөн талап кылабыз. Эгерде биздин үндү укпай койсо, эл чара көрөт”, - дейт М. Аскарбеков.
Акциянын максаты - бензиндин баасынын кымбатташына өлкө башчысынын көңүлүн буруу.
Ошол эле учурда активисттерге каршы 4 студент чыкты. Алар Кыргызстан үчүн ызы-чуунун кереги жок экенин билдиришти.
Акциянын алкагында активисттер 6 автоунаа менен автожүрүш уюштуруп, Өкмөттүн алдына чейин келишти.