Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Чүй районунун толук эмес жатак мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине «PRO.KG» уюмунун мүчөлөрү акчалай сыйлык беришти
Чүй районунун толук эмес жатак мектебинин окуучуларына «PRO.KG» уюмунун мүчөлөрү акчалай сыйлык беришти.
Аталган уюмдун мүчөлөрү жакшы окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан 8 окуучуга 2 миң сомдон сыйлык ыйгарды. Бир гана окуучуларга сыйлык бербестен, балдардын тандоосу боюнча эки мугалимге жана бир тарбиячыга бир жарым миң сомдон акча берди.
«РRO.KG» уюмунун мүчөсү Таалай Насирдиновдун айтымында, уюмдун «Менин мектебим» долбоорунун алкагында алар өздөрү бүтүрүп кеткен мектептерге жардам беришет. «Биз окуучуларга 15-20 жылдын ичинде кандай ийгиликтерге жетишкендигибиз тууралуу айтып беребиз. Ошондой эле, аларга кеп-кеңештерибизди дагы айтабыз. Уюмда элүүгө жакын өкүл бар, ар бирибиздин мектептеризге барып ушинтип жардам көрсөтүп келебиз», - дейт Т. Насирдинов.
Белгилей кетсек, Чүй районунун толук эмес жатак мектебин "Менин мектебим" долбоорунун координатору Зарина Макен бүтүргөн.
Ал эми мектептин мугалимдери жана окуучулары уюмга терең ыраазычылык билдиришти.