Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: Д. Ошурахунова: “Бийликтегилер эл менен түз диалогдорго чыгышы керек”
Бүгүн, 18-мартта жарандык активисттер Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, 2002-жылдын окуясында жана 2010-жылдын апрель окуясында каза болгондордун эстелигине гүл коюп, куран окуп аларды эскеришти.
Иш-чаранын катышуучусу экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик өкүлдөрүнө кечээ арбактарды эскерип гүлчамбар койгондугу үчүн ыраазычылык билдирди. “Бирок бийликтегилер мамлекеттик деңгээлде иш-чара өткөрүшкөн жок. Биз атайын аларга кошулбай бүгүн жарандык коомдогулар өзүнчө эскерүүнү туура көрдүк. Аксы окуясына күнөөлүүлөр ушул убакытка чейин жазасын алган жок. Жарым жартылай иштер жасалды десем болот. Мисалы эстелик курулду. Бирок эң негизги нерсе аткарылган жок”, - дейт Т. Акун.
Ал эми жарандык активист Динара Ошурахунова айтымында, атка минерлер эл менен түз диалогдорго чыгышы керек.
“Өлкөдө тынчтык, эгемендүүлүк болсун десек, анда бийликтегилер өздөрүнүн убадаларын аткарышы зарыл. Жарандардын ой-пикирин билип анан чечим кабыл алышы керек”, - дейт Д. Ошурахунова.