Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: И. Карыпбеков: “КТРКнын башкы директорун тандоодо эч жактан кысым көрсөтүлгөн жок”
КТРКнын башкы директорун тандоодо эч жактан кысым көрсөтүлбөй, 100 пайыз ачык өттү. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди. Анын айтымында, корпорациянын башкы директору Султан Жумагулов 4 жылга шайланганы менен жыл сайын отчёт берип турат. “Башкы директор ак жолтой жетекчи болуп, жолу ачык болсун. Биз Байкоочу кеңеш КТРКнын ишин жакшыртууга жардам беребиз”, - дейт И. Карыпбеков.
Ал эми КТРКнын башкы директору болуп тандалган Султан Жумагулов сынак учурунда талапкерлердин айрымдары жакшы сунуштарды айтканын белгиледи. Айтылган пикирлерди эске алуу менен корпорациянын өнүгүүсүнө салымын кошо турганын айтты.
23-ноябрда КТРКнын башкы директорун тандоо болуп өттү. Талапкерлер КТРКнын ишин жакшыртуу боюнча өздөрүнүн программалары менен тааныштырды. Талапкерлер: Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпбеков, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев болушкан. Алардын ичинен Космосбек Чыдынов жана Болотбек Тиллебаев өздөрүнүн талапкерлигин алып салган.
Добуш берүүгө КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү катышты. Биринчи турда алардын тогузу С.Жумагуловду, алтоо А.Султанбаевди колдоп добуш беришип, калган 6 талапкердин бири да добушка ээ болушкан эмес.