Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) К. Бокоев: Жерүйдүн иштетилишине каршы митингди «Республика» партиясы үзгүлтүккө учуратты деген сөз, шайлоонун алдындагы кара пиар
«Республика» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Жерүйдү иштешине каршы өткөн жыйынды «Республика» партиясы үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды деген маалыматты төгүндөдү.
«Жерүйдү иштетүү боюнча конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабановдун таанышы болсо, айрымдар «Бабановдун тиешеси бар» деп айтып жатышыптыр. Бабанов азыр депутат же премьер-министр болбосо кантип тиешеси болмок эле? Менин оюмча, жергиликтүү эл Жерүйдүн иштетилишине каршы болсо, бул конкурс өтпөт болчу. Бирок каршы болгон күндө да конкурс туура эмес өтсө, анда өкмөт жооп бериш керек. Ал убакта Оторбаев премьер-министр болчу. Жерүйдүн иштетилишине каршы митингди «Республика» партиясы үзгүлтүккө учарытты деген сөз шайлоонун алдындагы кара пиар окшойт», - дейт К. Бокоев.
Белгилей кетсек, Таластын айрым активисттеринин айтмында, 7-июнда Жерүйдүн иштетилишине каршы жыйынды «Республика» партиясынын камчысын чаап жүргөн жигит үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Буга чейин Таластын эли бул маселе боюнча бир нече жолу жыйын уюштурушкан.