Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Клара Сооронкулованы колдогондор митингге чыкты
Ак үйдүн алдына Конституциялык палатанын соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулованы колдоп, жарандык активисттер митингге чыгышты.
Активист Адиль Турдукуловдун айтымында, бийликтин мыйзамсыз аракетин Клара Сооронкулованы кызматттан четтетүнү туура эмес көрүп митингге чыгышкан.
«Анткени ал Ак үйдүн буйрутмасын аткарбай, чыныгы өз жарандык позициясын, судьялык өз милдетин так аткарган үчүн кетирип жатат», - дейт А. Турдукулов.
Ал эми укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров парламент бүгүн Клара Сооронкулованын кызматтан кетишине макул добуш берсе, Кыргызстандын тарыхында жаманатты бойдон кала тураганын айтты. Активисттер «Кларадан колуңду тарт» деп кыйкырышууда.
Белгилей кетсек, 18-июнда Клара Сооронкулованы Соттор кеңеши мөөнөтүнөн мурда иштен алуу чечимин чыгарган. Ал биометрикалык маалымат чогултуу мыйзамсыз деген пикирин айткан.