Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы “Мекенчил” партиясы менен бирикти
20 04 2015 15:37
Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы «Мекенчил» партиясы менен бирикти. Бул тууралуу Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков билдирди.
«Бүгүнкү күнү Кыргызстанда саясий, социалдык-экономикалык жактан ошондой эле руханий маданияттын жана башка бардык тармактар төмөн түшүп кеткенине байланыштуу биз жаңы, жаш партиялар менен биригип, шайлоого катышабыз», -дейт А. Медетбеков.
Мындан тышкары, Артур Медетбеков TOPNEWS.KG маалымат порталынын бир нече суроолоруна жооп берди.
Кененирээк видеодон көрүп алыңыздар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-апрелде Артур Медетбеков «Мекенчил» партиясынын тең төрагалары Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбеков менен жолугушту.