Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(Видео) М. Мискенбаев: “Рубикондун” 50 % мамлекетке өткөрүлсө элдин кызыкчылыгы корголмок
Акаевдин күйөө баласы Тойгонбаевдин “Вечерний Бишкек” гезиттеги үлүшү сот аркылуу конфискацияланууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев билдирди. “Рубикондун” 50 пайызын соттун чечими менен конфискациялап, мамлекетке өткөрүп алыш керек. Ошондо калыстык орноп, элдин кызыкчылыгы корголмок деп ойлойбуз”,-дейт М. Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев TOPNEWS.KG маалымат порталына алар саясатчылардын куралы эмес, мамлекетттүүлүктүн куралы экенин алардын артында эч ким турбаганын айтты.
“Ал эми басма сөз жыйынында ММК өкүлдөрү тарабынан берилген суроолорго жооп бербегенинин себеби алар атайын чагым салчу суроолорду бергенге даярдалып келген журналисттер”, -дейт М. Мискенбаев.