Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: Т. Жунусбеков: “Партиябызга кошулууга чакырган саясий ишмерлер биздин партиянын талаптарына жооп берет”
Бүгүн, 20-февралда басма сөз жыйында “Мекенчил” партиясына кошулууга чакырып жаткан инсандар тууралуу аталган партиянын теңтөрагасы Төрахан Жунусбеков айтып берди.
“Биз партиябызга кошулууга чакырып жаткан адамдар өздөрүнүн буга чейинки кылган иштери алардын мекенчилдигин далилдеди деп эсептейбиз. Коррупциялык иштерге аралашпаган таза мекен үчүн иш кылган адам деп эсептейбиз. Алар биздин партиянын негизги талаптарга жооп берет”, -дейт Т. Жунусбеков.
Ошондой эле теңтөрагалар мекенин сүйгөн, мекен үчүн жакшы иштерди жасаган адамдар үчүн эшиктери ачык экенин белгилешти.
Алар партиясына чакырган саясий ишмерлер: Баяз Туралы, Кубатбек Кожоналиев, Чолпон Джакупова, Садыр Жапаров, Исмаил Исаков, Бакыт Бакетаев, Мамат Айбалаев, Эрнест Карабеков, Расул Умбеталиев, Акылбек Сариев, Улукбек Кочкоров, Замирбек Көчөрбаев, Бөдөш Мамырова, Темирбек Асанбеков, Кубатбек Байболов, Артур Медетбеков, Чыңгыз Шамшиев.
Белгилей кетсек, 17-февралда аталган партия программаларын элдик талкууга коюшкан.