Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео: “Таза оппозициялык кыймылы” Бажы биримдигин колдогондордон кол топтошту
Бүгүн өздөрүн “Таза оппозициялык кыймылы” деп атаган активисттер Бажы биримдигинине тез аранын ичине кирели деген талап менен ак үйдүн алдына митингге чыкты. Алар “Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү”, “Бажы биримдигин колдойбуз” деген жазууларды көтөрүп алышкан. Аталган кыймылдын төрагасы Назарбек Нышановдун айтымында, Бажы биримдигине кирүү учурдун талабы. “Биздин кыймылдын Бажы биримдигине кошулуу туурасындагы көз карашыбыз бийликтегилер менен төп келип турат. Бул маселенин негизинде бийликке тирешүү акылсыздык. Биздин артыбызда бийликтегилер турат деген калп сөз. Артыбызда карапайым эл жана Кудай турат”, - дейт Н. Нышанов.
Мындан тышкары, алар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдогондордон кол тотошту.
Аларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери майрамдык маанайга арналган музыканы коюуга уруксат берген жок.
“Таза оппозициялык кыймылдын” мүчөсү Дамира Токтосунованын айтымында, алар орус жана кыргыз тилиндеги 80 жылдардагы музыкаларды коюшмак.
23-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча макулдашууга Президент Алмазбек Атамбаев кол коёт