Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ВИДЕО: Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ММК өкүлүнүн ишине тоскоолдук көрсөтүп, адепсиз сөздөр менен аташты
26 03 2015 13:20
Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын мэриясынын алдына “Бишкек шаамы” гезити чыксын!”, “Мамлекеттик тилге көңүл буралы” деген жазууларды көтөрүп акцияга чыкса, укук коргоо органдарынын кызматкерлери күч колдонуп, анын жазуулар жыртып, акцияны үзгүлтүккө учуратышты.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ММК өкүлдөрүнө адепсиз сөздөрдү айтып, камераны тартып алганга аракеттеништи.
Мындан тышкары, тартып алган видеону өчүрүүнү талап кылышты.
P.S. ММК өкүлү катары укук коргоо органдарынын кызматкерлери адепсиз сөздөрдү айткандары үчүн жана камераны тартып алайын дегени үчүн кечирим суроону талап кылабыз.