Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ВИДЕО: Ж. Камбаралиев: “КТРКнын башкы директору ким болот экени мурда эле жогору жактан чечилген”
19 03 2015 19:58
“КТРКнын башкы директору ким болот экени мурда эле жогору жактан чечилген”, - деп TOPNEWS.KG маалымат порталына КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин койгон Жээналы Камбаралиев билдирди.
Анын айтымында, бул шайлоо жөн гана спектакль.
Бүгүн, 19-мартта КТРКнын башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды.
Аталган кызматка 10 талапкер ат салышып, 2 талапкер шайлоо учурунда шайлоого катышкандан баш тартышкан.
Биринчи турдун негизинде Илим Карыпбеков 9, Сюита Соурбаева 3, Тимур Саралаев 1 добуш алгандыктан экинчи тур өткөн.
Ал эми калган талапкерлер добуш алган жок.
Экинчи турда Илим Карыпбеков 11 добуш алса, Сюита Соурбаева 2 гана добуш алды.