Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Ж.Жолдошева: «Ата-Журт» фракциясынын депутаттарынын мени лидерликтен алып салуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейм
17 06 2015 10:45
«Ата-Журт» фракциясынын депутаттарынын мени лидерликтен алып салуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейм», - дейт ЖКнын депутаты Жылдызкан Жолдошева бүгүн, 17-июндагы парламенттик жыйында.
Анын айтымында, аны лидерликтен алуунун негизги себеби - бул саясий буйрутма. «Мурда мен саясатта дос жок деген сөзгө ишенчү эмесмин. Азыр толугу менен ишенип калдым. Мен бул креслого жармашып жаткан жокмун, бардыгы мыйзам ченемдүү болуш керек. Мен түштүктөгү окуяны эскерүүгө кетсем, алар мен жокто чечим кабыл алышыптыр», - дейт Ж. Жолдошева.
Белгилей кетсек, 12-июнда «Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Дастанбек Жумабеков аталган фракциянын лидери болуп бекитилген.