Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) ЖКнын алдында «Эл өкүлдөрү элге каршыбы?» деген жазууларды көтөрүп, жыйырмага жакын жаран митинг өткөрүп жатат
Бүгүн, 19-июнда ЖКнын алдына жыйырмага жакын жаран колдоруна «Эл өкүлдөрү элге каршыбы?» «Эл тагрдырын ойлобой өз кызычылыгын ойлонгон, элге душман деутататтар» деген жазууларды көтөрүп алып митингге чыгышты.
Алар депутаттардан документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырууну талап кылышууда.
Укук коргоочу Бүбүайша Арстанбекованын айтымында, бул маселе боюнча митингге чыккан эл ага кайрылган. «47 миң үй-бүлө 4 чарчы жер алып, укуктук документи жок өз өлкөсүндө кор болуп жашап жатат. Мен бул маселе боюнча өкмөткө кайрылгам. Алар комиссия түзгөн. Ошол жакта мен мүчө болчумун. Депутаттар бири-биринен өч алыш үчүн элдин көйгөйүнүн көтөргөн мыйзамды колдошпой жатабы», - дейт Б. Артанбекова.
Белгилей кетсек, кечээ дагы ушул талап менен жарандар митингге чыгышкан.