Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео+фото) Милиция кызматкерлери митингге чыккан зайымчыларды кармап кетишти
15 04 2015 11:25
Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте «Ак үйдүн» алдына алган насыяларын төлөй албай калгандар мөөнөтүн жылдырып берүүнү суранышып онго жакын аял митингге чыккан.
100 миң сом насыя алып, төлөй албай калган жарандын апасы, Балыкчы шаарынын тургуну Рая Жумамудинова насыя төлө мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып чыкканын билдирди.
Ошондой эле, республиканын аймактарынан келгендердин айрымдары доллар менен насыя алышып, төлөй албай калгандарын айтышты.
Мындан кийин алар Улуттук банктын алдында тынч митинг өткөрө турганын билдиришкен.
Бирок, милиция кызматкерлери аларды күч колдонуп кармап кетишти.
Аларды Биринчи май райондук сотуна алып кетишкенин укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.