Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео+Фоторепортаж: Бүгүн "Калыс" саясий кыймылы 4 талап менен митингге чыгышты
Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин алдында "Калыс" саясий кыймылы митинг өткөрдү. Аталган кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматов айтымында, алардын төрт талабы бар.
“Биздин биринчи талабыбыз ЖКнын кароосуна кирген гомосексуализмди жайылтууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламент деңгээлинде каралып, кабыл алынсын. Экинчи талабыбыз болсо чет элдик бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү. Үчүнчүсү акыркы учурларда педофилдер күч алып жатканына байланыштуу өлүм жазасы каралсын. Ал эми төртүнчүсү мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энесин, балдарын жетимдер же карылар үйүнө таштап койгондор мамлекеттик жумушка кабыл алынбасын деген талап”, -дейт Ж.Молдокматов.
Алардын талабын укканга чыккан ЖКнын депутаты Нуркамил Мадалиев февраль ичинде ушул демилгелер каралат деген ишеничте экенин билдирди.
Ал эми “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Молдокматов талаптар аткарылбаса мындан кийин дагы митингге чыга берише тургандыгын айтты.
Митингге “Калыс” саясий кыймылынын колдоп “Кыргызстандын коммунисттик партиясы” "Славян маданияты борбору" коомдук бирикмеси, "Күчтүү Кыргызстан" жана "Таза оппозиция" кыймылдары катышты.