Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Видео+фоторепортаж: “Таза оппозициялык кыймыл” митингге чыкты
03 02 2015 13:26
Бүгүн, 3-февралда Ак үйдүн алдында өздөрүн “Таза оппозициялык кыймыл” деп атаган активисттер митингге чыкты. Алардын талабы 2014-жылы 23-декабрда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча кол коюлган келишимди ЖК тарабынан тез аранын ичинде ратификациядан өткөрүү. “Бириккен оппозициялык кыймылынын” мүчөлөрү АКШдан акча алып келип, башаламандыктарды уюштуруп революция жасайбыз дегендерге каршы экенибизди билдиребиз. Американын буйругу боюнча, алар Кыргызстандын Россия менен мамилесине бут тосуу үчүн уюштурганы жатат”, - деп аталган кыймылдын төрагасы Назарбек Нышанов билдирди.