Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Видеорепортажи
Видеорепортаж:Америка президентине ээр жасаган атактуу уста
Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүп, өлкөбүздү дүйнө элине тааныткан этнодизайнер Жылкычы Шаршембиев өзгөчө кымбат баалуу, көркөм кооз, күмүш менен шөкөттөлгөн ээрди жасайт. Уста Жылкычы Шаршембиев чыныгы ээр кантип жасаалаарын жакшы билет. Убагында анын колунан жасалган мыкты ат жабдыктарына чет өлкөлүктөр кызыгып, буйрутма берип жасатып келишкен. Жылкычы Шаршембиев 80-жылдан баштап эле чет өлкөлүк улуу даражалуу меймандарга ээр жасай баштаган. 1985-жылы Горбачев СССРдин атынан Жылкычы Шаршембиевге АКШнын президенти Рональд Рейганга жогорку чеберчиликте күмүш ээр-токумду жасаткан. Бийик даражалуу, АКШ ажоосуна арналып жасалган ат жабдык устага өзгөчө атак –даңк алып келген. Бүгүнкү күндө да чебер уста бир топ жашка келип калганына карабай, мыкты ат жабдыктарды жаратып келет.Кененирээк Айнура Турсунованын материалында