Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ы. Мааткабылов: «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы жалпы журттун кызыкчылыгын жогору коёт
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Ырысбек Мааткабылов шайлоочуларга кайрылуу жасады.
Урматтуу мекендештер!
Улуу кыргыз элим. Сиздердин көйгөйүңүздөрдү көтөрүп, кем-карчыңыздарга жардам берүүчү, миңден жарандарга жумуш орундарын түзгөн бирден бир партия «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы болуп саналат. Бул партиянын талапкерлери кыргыз элине чын жүрөктөн күйгөн, Кыргызстандын чыныгы патриоттору! Азыркы убакта кыргыз мамлекети жоюлуп кетүү коркунучунда турат. Кыргыздар өз жеринде чет элден келгендерге кул болуп иштеп жатышат. Илгертен кыргыз эли карыш жери үчүн каны-жанын аябай келген болсо, учурда кыргыз жери ачык эле сатылып жатат. Эгерде «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы шайлоодо көпчүлүк элдин колдоосун таап, парламентке келишсе, сиздердин ой-максаттарыңыздарды толук ишке ашыра алат. Алар бирден бир өтө жоопкерчиликтүү, акыйкат, өлкөнүн коопсуздугу жана кыргыз эли, жери үчүн кара жанын аябаган чыныгы мекенчил атуулдардан түптөлгөн ишенимдүү партиялардын бири. Миңдеген элди жумуш, иш менен камсыз кылган, өз кызыкчылыктарынан мамлекеттин, жалпы журттун кызыкчылыктарын жогору койгон «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясына добуш берип, колдоого алыңыздар!