Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ысык-Көл облусунун мектептеринде хиджаб кийген окуучулардын саны көбөйүп кеткен
16 04 2015 10:28
Ысык-Көл облусунун мектептеринде хиджаб кийген окуучулардын саны көбөйүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги парламенттик жыйында «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы беш-алты окуучу хиджаб кийсе, азыр алардын саны элүү-алтымышка жетти. «Ар кандай диний агымдар аймакты басып барат. Өткөн жылы облустан 20 адам Сириядагы согушка катышканы кетсе, алардын ичинде 8 аял, 12 эркек бар. Абал ушул бойдон калса, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен бирге тиешелүү чараларды көрүшү керек», - дейт Т. Ибраев.