Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ысык-Көлдөгү жер титирөө 128 миллион 859 миң 320 сом чыгым алып келди
22 11 2014 14:19
Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн кесепетинен жалпы облус боюнча бүгүнкү күндө 2741 арыз түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2174 турак үй жана 47 социалдык объект текшерүүдөн өттү. Анын ичинен 702 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 990 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 258 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 148 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыр тарткан турак жайларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 128 миллион 859 миң 320 сомду түздү.
Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү жана чыгымдарды эсептөө иштерин улантууда.