Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ысык-Көлдөгү жер титирөө 90 миллион сомдон ашык чыгым алып келди
Бүгүн, 19-ноябрда ӨКМ Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өтүп, министр Кубатбек Боронов тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Министр ӨКМнын кызматкерлеринин маалыматтарын угуп, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси, полковник Мухамед Сваровдун берген отчётуна канааттанган жок. “Эмне үчүн материалдык чыгымдарды эсептөө мен койгон мөөнөттө бүтпөй жатат? Силерге эмне тоскоол болуп жатат? Эгерде арыздарды кароого жетишпей жатсаңар, мага айтпайсыңарбы, комиссияга жардам бере турган кошумча ыкчам топторду түзүп жөнөтөт элек. Биздин алдыбызга Президентибиз тапшырма койгон, силер азыркыга чейин калктан түшкөн арыздарды карап бүтө албай жатасыңар. Керек болсо, түнү-күнү иштегиле” – дейт К. Боронов.
Алдын ала болжолдуу эсептөөлөр боюнча жер титирөө турак жайларга 90 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келген. Ал эми социалдык объектилерге келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат.
Маалыматка ылайык, мыйзамда 4-даражада жабыркаган турак жай ээлерине 200 миң сомдон узак мөөнөттү ссуда берүү, ал эми 3-даражада жабыркаган турак жай ээлерине капиталдык ремонттон өткөрүү чүн 10 миң сомдон ссуда берүү каралган.
14-ноябрда Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында күчү 7 баллга жеткен жер титиреген.