Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн 109 турак үй жабыркады
19 11 2014 09:32
Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн кесепетинен жалпы облус боюнча 2314 арыз түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерүүдөн өткөн. Анын ичинен 513 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 172 турак үй жана 12 социалдык объект III даражада, 109 турак үй IV даражада жабыр тарткан. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда.
14-ноябрда Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында күчү 7 баллга жеткен жер титиреген.